ВТ, 17 сентября 07:23
8.1°C Джалал-Абад
USD: 84.66 EUR: 94.17 CNY: 11.93 KZT: 0.17 RUB: 0.93

Август педагогикалык кеңешмеси.

  • 21:18, 30 авг 2024
  • 132

2024-жылдын 29-августунда «Билим берүүгө 100 жыл: трансформациялар, чакырыктар жана жаңы горизонттор» темасында Август педагогикалык кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Манапбекович Мураталиев, Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген мугалими» ардактуу наамынын ээлери А.Б.Базарова, С.А.Аттокуров, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, айыл өкмөт башчыларынан, мекеме жетекчилеринен, райондук ички иштер бөлүмүнөн, ЖББОМнин жана МЧББУнын директорлору, педагогикалык кызматкерлер жана тарбиячылар катышышып, билим берүү системасынын актуалдуу маселелерине токтолуп өтүштү.

Кеңешмени райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Талайбекович Талайбеков ачып, «Жаңы чакырыктар жана бийиктиктер» темасында баяндама окуду. Баяндамада Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы киргизилип жаткандыгы, Сингапурдун билим берүү системасындагы МСЕ компаниясынын ролу, башкалардан айырмасы, каалаган натыйжалары жөнүндө слайддан көргөзүлдү.

 

Кеңешмеде 2023-2024-окуу жылынын ийгиликтерин камтыган фото стенддер жана STEM багытындагы көргөзмөлөр уюштурулду. Катышуучулар учурдун талабына ылайык азыркы замандын, азыркы билим берүү технологиясынын негизин түзгөн инженердик ойлоп табуучу окуучулар тарабынан жасалган баалуу көргөзмөлөргө күбө болушту. Аны менен катар өткөн окуу жылындагы ийгиликтүү окуучулардын мугалимдерине ыраазычылык билдирилип, белектерди тапшыруу менен коштолду.

 

Резолюция кабыл алынып, райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун жана райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин куттуктоосу менен аяктады.

https://www.facebook.com/share/p/4Dw6TMgnmKzjh7EW/?mibextid=xfxF2i

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!