СБ, 27 апреля 22:38
4.1°C Джалал-Абад
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандарты

Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандарты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2020-жылдын 29-июнундагы№ 363 токтому менен бекитилген.
https://clck.ru/34LPCp
«Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу»
мамлекеттик стандарты.
Мектепке чейинки билим берүү жана 6 айдан 7 жашка чейинки балдарды багуу боюнча бирдиктүү талаптарды аныктайт;
уюштуруучулук, укуктук, медициналык, билим берүү кызматтарына жана иш-чараларына талаптарды белгилейт;
мектепке чейинки билим берүү программаларын иштеп чыгууда колдонулушу мүмкүн болгон зарыл принциптердин, критерийлердин сыпаттамасын камтыйт;
МЧББУнун күнүмдүк ишинде; көзөмөл жүргүзүүдө; мониторинг жана баалоодо; окуу материалдарын иштеп чыгууда колдонулат;
мектепке чейинки билим берүү, анын ичинде инклюзивдик билим берүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылууга көмөк көрсөтөт;
мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган стратегиялык документтериндеги мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негиздерин жана принциптерин ишке ашырууга багытталган.

«Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик стандарты.
Мазмуну
1-бөлүм. Негизги түшүнүктөр
2-бөлүм. Жалпы жоболор
3-бөлүм. Мамлекеттик стандартты колдонуу чөйрөсү
4-бөлүм. Мамлекеттик стандартты ишке ашыруунун максаттары жана милдеттери
5-бөлүм. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын билим берүү ишинин принциптери
6-бөлүм. Мектепке чейинки билим берүү программаларынын мазмунунун жол берилген минимуму
7-бөлүм. Топторду курак боюнча бөлүү жана комплекттөө
8-бөлүм. Билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы
9-бөлүм. Өнүктүрүүчү чөйрө
10-бөлүм. Материалдар жана жабдуулар
11-бөлүм. Балдардын ден соолугу.

12-бөлүм. МЧББУда балдардын тамактануусун уюштуруу
13-бөлүм. Балдардын коопсуздугу
14-бөлүм. Имараттар жана участоктор
15-бөлүм. МЧББУнун жетекчилерине жана педагогикалык кызматкерлерине карата квалификациялык талаптар жана кесиптик компетенциялар
16-бөлүм. Ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн наристе жана мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү
17-бөлүм. Каржылоо
8-бөлүм. Мамлекеттик стандарттын аткарылышын мониторингдөө жана баалоо
1-тиркеме. 1 жаштан 7 жашка чейинки балдардын өнүгүүсү үчүн багыт катары курактык ченемдер 2-тиркеме. Мектепке чейинки билим берүүнү аяктоо этабында 7 жашка балдарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары

Колдонулуучу терминдердин түшүндүрмөлөрү жазылган
КРдин Конституциясында, КРдин Балдар жөнүндө кодексинде, Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда «Билим берүү жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» КРдин Мыйзамдарында жана башка укуктук-ченемдик документтерде аныкталган принциптерге негизделет.
Аныктайт:
— сапаттуу билим берүү жана балдарды багуу боюнча талаптарды;
— МЧББУнун иштеши үчүн педагогикалык, медициналык, материалдык ресурстар;
— ар түрдүү МЧББУларда колдонулушу мүмкүн болгон зарыл критерийлердин сыпаттамасын камтыйт.