ВС, 28 апреля 10:38
4.4°C Джалал-Абад
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндөТИПТҮҮ ЖОБО

Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндөТИПТҮҮ ЖОБО.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 2-ноябрындагы № 765 токтому менен бекитилген.
https://clck.ru/34M5gS.
Жалпы жоболор
2. Педагогикалык процесстин маңызы
3. МЧББУнун ишин башкаруу тартиби
4. МЧББУнун милдеттери жана жоопкерчилиги
5. МЧББУнун, Мектепке чейинки атайын (коррекциялык) билим берүү уюмунун финансылык-чарбалык иши
6. МЧББУну, Мектепке чейинки атайын (коррекциялык) билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу.

Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо.
Жалпы жоболор (кыскартылып берилди)
 МЧББУ, МЧАББУ өзүнүн ишмердүүлүгүн «Билим берүү жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багып кароо» мамлекеттик стандартына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана уюштуруучу менен МЧББУнун, МЧАББУнун ортосундагы келишимге жана Уставга ылайык жүргүзөт.
МЧББУ, МЧАББУ мектепке чейинки билим берүүнүн негизги максаттарын жана милдеттерин ишке ашырат:
ар бир баланын мектепке чейинки сапаттуу билимди алуусу үчүн шарттарды түзүү;
балдардын дене-бой жана психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо;
ар бир баланын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аны дене-бой, интеллектуалдык жана инсандык жактан өнүктүрүү;
балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого мамлекет кепилдик берген жардамды көрсөтүү.

Педагогикалык процесстин маңызы(кыскача)
МЧББУ атайын уюштурулган билим берүү формасындагы сабактарды, ошондой эле балдардын жекече жана биргелешкен ишмердигин оптималдуу айкалыштыруу менен оюн, чыгармачылык ишти карайт.
билим берүү процесси жылдык, календардык-тематикалык пландар, сабактардын расписаниеси менен жөнгө салынат.
МЧББУ, МЧАББУ окутуу жана тарбиялоо формаларын, каражаттарын жана ыкмаларын өз алдынча тандайт.
МЧББнын маңызы мамлекеттик стандартка ылайык иштелип чыккан программа (программалар, анын ичинде автордук) менен аныкталат.
МЧББУ, МЧАББУ мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынан тышкары балдарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти уюштурат.

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин башкаруу тартиби (кыскача)
Башкаруу демократиялуулук, ачыктык, кесипкөйлүк принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
түздөн түз башкарууну жетекчи (директор) тарабынан ишке ашырылат..
Педагогикалык ишке кызмат орду жана алган адистиги боюнча квалификациялык талаптарга ылайык келген жана билими жөнүндө документтер менен ырасталган зарыл кесиптик-педагогикалык квалификациясы бар адамдар кабыл алынат.
Педагогикалык ишке соттуулугу же медициналык каршы көрсөтүүлөрү бар адамдарга жол берилбейт.
МЧББУну башкаруунун туруктуу иштеген коллегиялуу органы болуп педагогикалык кеңеш саналат. 

МЧББУ, МЧАББУнун милдеттери жана жоопкерчилиги (кыскача)
Жоопкерчилик тартышат:
балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузгандыгы үчүн;
Мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткарбагандыгы үчүн;
ченемдик укуктук актыларда аныкталган функцияларды аткарбагандыгы үчүн;
билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатын жана көлөмүн камсыз кылбагандыгы үчүн;
тарбиялоо-билим берүү процессин уюштурууда колдонулган формалардын, ыкмалардын жана каражаттардын балдардын курактык, психикалык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, ынтасына, жөндөмүнө, таламдарына жана муктаждыктарына шайкеш келбегендиги үчүн;
балдар МЧББУда, МЧАББУда жүргөн учурда алардын жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугу үчүн.