ВС, 8 сентября 09:51
7.9°C Джалал-Абад
USD: 84.2 EUR: 93.6 CNY: 11.88 KZT: 0.17 RUB: 0.94

12 ЖЫЛДЫК МОДЕЛЬ: БАЛДАРДЫН БААРЫНА БИРДЕЙ ШАРТ ТҮЗҮЛӨТ.

  • 11:55, 4 июл 2024
  • 57

Жаңылыктар
12 ЖЫЛДЫК МОДЕЛЬ: БАЛДАРДЫН БААРЫНА БИРДЕЙ ШАРТ ТҮЗҮЛӨТ
02.07.2024

Үстүбүздөгү жылы мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен 40 пайыз камсыздоого даярдык көрүү боюнча Нарын, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Панфилов райондорунда жакшы көрсөткүчтөр бар. Бул тууралуу Бишкек шаарында өтүп жаткан форумда билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.

“Мектепте билим берүүнү трансформациялоонун негизги багыттары” темасында аймактардагы билим берүү бөлүм башчыларынын катышуусунда өтүп жаткан форумдун экинчи күнүндө балдарды мектепке чейинки билим берүүгө камтуунун механизмдери кызуу талкууга алынды.

Докладчынын айтымында бөбөктөрдү 40 пайыз бала бакча менен камсыздоо процессинин жүрүшүндө кошумча 113 миң бала бала бакчага тартылып, экономикалык натыйжалуулугун алганда кошумча 7120 жумушчу орун түзүлмөкчү.

— 12 жылдыкка өтүүгө даярдык көрүүгө мониторинг жүргүзүүнүн алгачкы натыйжалары кеңири талкууга алынууда. Биз 12 жылдык билим берүүгө өтсөк, бала бакчалардын жүгү канчалык жеңилдей тургандыгын баса белгилеп жатабыз. Жетекчилер жер-жерлерде ата-энелер, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барып, түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүгө басым жасоолору шарт. Анткени бала бакчаларды ачуу, тагыраак айтканда, балдарды бала бакча менен камсыздоону 40 пайызга жеткирүү механизмдерин иштетүү толук аларга көз каранды, — дейт Нурзида Касымова.
Анын айтымында, учурда 26 миңге жакын бала мектепке даярдоо тайпаларына барса, 36 миң бала эч жакка барбайт. Эгерде бала алты жашынан мектепке тартылса, баары бирдей шартта бирдей деңгээлге жетишмек жана билим сапаты жакшырмак.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!