ВС, 8 сентября 06:28
2.2°C Джалал-Абад
USD: 84.2 EUR: 93.6 CNY: 11.88 KZT: 0.17 RUB: 0.94

“Роза Отунбаеванын демилгеси”  Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган Жайлоо өнүгүү борборлору

  • 17:54, 28 июн 2024
  • 139

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү, райондук  мамлекеттик администрациясынын 04.06.2024-ж. № 01-16/2344 чыгыш сандуу  катынын негизинде , “Роза Отунбаеванын демилгеси”  Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган демилгени колдоп, райондо жыл сайын Жайлоо өнүгүү борборуна көпчүлүгү жайлоодогу мал жана жайыт чарбачылыгы менен алектенген жарандардын балдарын тартууну Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу  беш бала бакчалары  менен уюштурулууда.

Ошол себептен, Жайлоо өнүгүү борборлоруна жалпы 85 бала бара тургандыгы такталды. РБББү жана МЧББУдары тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдардын ден соолугунун жана өмүрүнүн коопсуздугун колго алып, ар бир айыл аймактарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлоруна милдеттендирилди. Райондогу  Седеп, Аздек, Наристе, Перизат, Айзирек  беш  бала бакчанын жетекчилери “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган конференцияга катышып, Жайлоо өнүгүү борборуна керектүү канцелярдык буюмдарды алып келишти. Учурда уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат. Аздек бала бакчасы  3-июнда 20 бала менен ачып иштөөдө. Айзирек, Седеп, Перизат бала бакчалары Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  караштуу Кичи Макмал, Жон, Көк-Арт жайлоолоруна 17-июндан тарта  башташты. Наристе бала бакчасы Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  караштуу Чийлүү Коо жайлоосуна 17-июндан 15 бала менен баруулары улантылууда.

 

 

Жайгашкан жери, дарегиСыйымдуулугу (окуучу, агымы)Канча тайпа мененТарбиячынын аты-жөнү, тел.ном
1Каргалык айыл окмоту, Кара-Суу айылы “Седеп”  МЧББУ 20 бала1 тайпаБапан кызы Айпери
2Тогуз-Торо айыл өкмөтү, Кош-Булак айылы  “Аздек”МЧББУ30 бала1 тайпаКүмүшбек кызы Алина
3Тогуз-Торо айыл, Дөдөмөл айылы өкмөтү “Наристе”МЧББУ15 бала1 тайпаӨзүканова Айганыш Эсенбековна
4Каргалык айыл өкмөтү, Чет-Булак айылы  “Перизат”МЧББУ20 бала1 тайпаКемелканова Кыял
5Каргалык айыл өкмөтү, Табылгыты айылы “Айзирек”МЧББУ15 бала1 тайпаКалбаева Гүларида  Самыйбековна

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!