СР, 22 января 07:20
-14.4°C Джалал-Абад
USD: 87.45 EUR: 90.6 CNY: 12 KZT: 0.16 RUB: 0.86

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” сынак жарыялайт

  • 09:55, 5 сен 2024
  • 220
Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.Квалификациялык талаптар:

  Улук кызмат орундары үчүн:

Бөлүмдүн башкы адиси (У-Б)- 2 шт.бирдик Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Жогорку билим (бакалавр, магистр)- Гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын жалпы стажы жалпысынан 1

жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес

   Кенже кызмат орундары үчүн:

Бөлүмдүн жетектөөчү адиси (К-А)- 1 шт.бирдик Бөлүмдүн адиси (К-Б)- 1 шт.бирдик

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Жогорку билим (бакалавр, магистр)- Гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча
  • Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • Иш стажысына талап коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

  1. Улук кызмат орундары үчүн:
    • төмөнкүлөрдү билүү:
    • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды
    • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын Өкмөтүнүн 03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген

“Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы” Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты;
  1. Кенже кызмат орундары үчүн:

—  төмөнкүлөрдү билүү

 

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын Өкмөтүнүн 03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген

“Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы” Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты;

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • Жеке арызы;
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
  • Паспорттун көчүрмөсү

 

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 18:00гө чейин

Дареги:          Жалал-Абад    облусу,        Тогуз-Торо    району,    Казарман    айылы, Т.Жээналиев көчөсү №31/1, Тел.: (03738) 50033, моб.: 0709777815

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!