ПТ, 18 октября 10:05
-0.3°C Джалал-Абад
USD: 85.5 EUR: 92.78 CNY: 11.99 KZT: 0.17 RUB: 0.87

«Балалык» программасынын өзгөчөлүктөрү 3төн 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча окуу болду.

  • 12:20, 4 июл 2024
  • 194

«Тогуз-Торо районунун МЧББУда тарбиячылар окуудан өтүштү. Окутуудагы программада 3 негизги дидактикалык принцип каралган:

1.Интеграция

 (латын тилинен которгондо «бүтүн» дегенди билдирет)

Мектепке чейинки билим берүү процессинде бул маани өзүнчө кабыл алууну бүтүнгө бириктирүү түрүндө колдонулат.

 Билим берүү чөйрөлөрүн интеграциялоо принциби ар башка чөйрөлөрдөгү билимдерди бириктирүүдө турат, алар бири бирин толуктап жана байытышы керек. Сабакта педагогдор ар кандай билим берүү чөйрөлөрүн колдонуп, милдеттерди чечишети.

Негизин балдар үчүн кызыктуу оюн сюжети түзөт.

Интеграцияланган ишмердиктин формалары: саякат оюндар, баарлашуу жагдайы, долбоорлор, изилдөөлөр, эксперименттер, майрамдар, окуялар.

2. Дифференциация англ. тилинен«differentiate» айырмалоо

Окутууну дифференциациялообул балдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу максатында алардын ар кандай топтору үчүн ар башка шарттарды түзүү.

Дифференциацияланган окутуунун максаты – ар бир баланы анын мүмкүнчүлүктөрүнүн, жөндөмдүүлүгүнүн, өзгөчөлүктөрүнүн деңгээлинде өнүктүрүү.

Педагог ар бир баланын өзүнүн окутуу механизми бар экенин эске алышы керек, ал анын мээсинин иштөөсүнө, өзүнүн кабыл алуу  жана маалыматты иштеп чыгуу каналдарына негизделет. Мультимодалдык ыкма колдонулат.

МЧБда өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды социалдаштыруу жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү каралат.

3. Индивидуалдаштыруу

  • Ар бир баланын уникалдуулугун таанууга, анын жеке муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын колдоого негизделет.
  • Индивидуалдаштыруу ар бир балага жайылтылат.
  • Баланын алдын ала билимин жана тажрыйбасын актуалдаштыруу баланын жаңы темага кызыгуусун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Педагогдон көбүрөөк ийкемдүүлүк жана жаңы идеяларга ачыктык, импровизацияга, окуяны талдоого жөндөмдүүлүк талап кылынат.

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!