ВС, 8 сентября 08:32
5.7°C Джалал-Абад
USD: 84.2 EUR: 93.6 CNY: 11.88 KZT: 0.17 RUB: 0.94

«Балалык» программасынын өзгөчөлүктөрү, баланы 5 чөйрө боюнча өнүктүрүү боюнча МЧББУнун тарбиячылары окуудан өтүштү.

  • 12:27, 4 июл 2024
  • 56

Баланы 5 чөйрө боюнча өнүктүрүү.

1.Дене өнүгүүсү

2.Таанып билүү же когнитивдик өнүгүү

3.Сабаттуулук жана карым-катыш

4.Социалдык жана эмоционалдык өнүгүү

5.Чыгармачылык жана эстетикалык

Тематикалык пландаштыруу

Бардык билим берүү чөйрөлөрү боюнча интеграцияланган мамиле менен бир жумага тематикалык пландаштыруу киргизилген (36 тема сунушталган). Окутуучу, өнүктүрүүчү жана тарбиялоочу милдеттердин биримдигин карайтТемалар практиканын, эксперимент жүргүзүүнүн, изилдөөнүн негизинде педагогикалык ишти уюштурууга жардам берет. Сабактан тышкары биргелешкен ишмердик аркылуу жана режимдик учурлар процессинде балдардын кызыктыра тургандыкты камсыздайт.

Гендердик мамиле

  • Билим берүү процесси Баланын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген гендердик теңдик укуктарынын негизинде түзүлгөн.
  • Денелик, эмоционалдык, интеллектуалдык өнүгүүдө, ар бир баланын ар тараптуу өнүгүүсүн колдоого алууда Э жана К үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берет.
  • Балдардын жагымдуу гендердик социалдаштырууга, педагогдордун гендердик сезгичтигине багытталган.
Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!