ПТ, 18 октября 10:15
1.3°C Джалал-Абад
USD: 85.5 EUR: 92.78 CNY: 11.99 KZT: 0.17 RUB: 0.87

«Балалык» программасынын өзгөчөлүктөрү темасында МЧББУда 5 күндүк окуу «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө»долбоорунун алкагында өтүлдү.

  • 14:45, 5 июл 2024
  • 192

«Балалык» программасынын өзгөчөлүктөрү темасында МЧББУнун жетекчилери жогорку деңгээлде 2024-жылдын  3-4-5-6-7-июнь күндөрү 72 сааттык окууну окушту.

Педагогдун ролу Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан колдоого алынып, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.Бул окууда тарбиячылар «Балалык» программасынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат алышты.

  • Билим берүү процесси гумандуу усулдардын негизинде түзүлөт.
  • Педагогдун үстөмдүк кылуучу, жетектөөчү ролунанөнөктөштүккө, жардамчы, фасилитатор ролуна өтөт.
  • Педагогдун жана балдардын биргелешкен ишмердигинин башкы бөлүгү өз ара мамиле, кызматташтык болуп саналат.
  • Мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу баланын инсандыгын өңүктүрүүгө жардам катары каралат, мында чоң адамдын позициясы «баланын үстүнөн» эмес, «баланын жанында» эмес, «бала менен бирге» болот.
  • Билим берүү процессин методикалык коштоо
  • Программага «Методикалык сунуштамалар» иштелип чыккан.
  • МС педагогго рюн, активдүү жана интерактивдик усулдарды жана ыкмаларды колдонууга карата ар бир курактык мезгил үчүн бардык ишмердик түрлөрү боюнча жардам берет.
  • Интеграцияланган жана оюн ишмердигин уюштуруу, ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр менен конструктивдүү өз ара мамиле, балдарды тарбиялоодону гендердик мамиле боюнча сунуштамалар берилген.
  • Билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактар боюнча болжолдуу конспекттер берилген.
  • МЧУ ар кандай моделдеринин ишин уюштуруу ыкмалары аныкталган (кыска мөөнөттүү 3 сааттык, ЖББ, «Жайлоо», Баланы өнүктүрүү борборлору).
  • Билим берүү процессин методикалык коштоо
  • Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдө жана коомчулук менен кызматташтыктын жаңы формалары аныкталган.
  • Өнүктүрүү чөйрөлөрү боюнча ар бир баланын жана бүтүндөй курактык топтун өнүгүүсүн көзөмөлдөөгө мониторинг иштелип чыккан, топтун жалпы диагностикалык картасы берилген.
  • Жыйынтыктарга жетүүгө мониторингдин маалыматтарын эске алуу менен билим берүү процессин түзүү жана түзөтүү мүмкүнчүлүгү бар.
Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!