ВС, 8 сентября 08:24
5.7°C Джалал-Абад
USD: 84.2 EUR: 93.6 CNY: 11.88 KZT: 0.17 RUB: 0.94

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы+NABU Кыргызстан+МЧББУ менен биргеликте тегерек стол өтулдү.

  • 14:27, 18 июл 2024
  • 167

Тогуз-Торо районун Казарман айылында полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы жыйын өтүлдү.

✅Райондогу “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы уюштурган иш-чарага NABU-Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук билим берүү бөлүмүнөн мектепке чейинки бала бакчалардын жетекчилери жана райондук мамлекеттик администрация башчысы- акимдин орун басары В.Мурзалымбекова да   катышты.

✅Өз кезегинде атайын презентацияларын “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы , полиэтилен буюмдары текстурасына карап 20 жылдан 1000 жылга чейин чирип жок болуп кетпей жата берерин  айтып беришти. Ошондуктан бул зыяндуу затты колдонууну токтотууга дагы бир жолу чакырып кетишти. иш чарага №7 Т.Сатыбалдиев атындагы ЖББОМнин директору Ж.Молдобаева «Жашыл климат» деген темада презентация жасап мектептеги ушул долбоорду балдар менен бирге иштеп келе жаткандыгын баса белгиледи. Буга чейин “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы, директору А.Кожошов менен биргеликте тыгыз иштерди алып барып келе жаткандыгын слайд аркылуу көрсөттү.

✅Соңунда катышуучуларга экологиялык баштыктар, плакат-“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын администрациясы тарабынан , таркатма материалдар белек катары берилди. Райондук МЧББУ дагы чакан белектери менен барып тегерек столго активдүү катышуу менен келишти. МЧББУ 20,30 программасы менен иш алып баруу менен полиэтилен баштыктарын колдонууга каршы иш чараларын өткөрүү боюнча, “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы жана NABUКыргызстан уюму менен биргеликте иштешээрин РБББнүн методисти Ж.Жээналиева билдирди.

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!