ВС, 8 сентября 09:51
7.9°C Джалал-Абад
USD: 84.2 EUR: 93.6 CNY: 11.88 KZT: 0.17 RUB: 0.94

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ 40%ГА ЧЕЙИН КАМТУУГА АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА

  • 08:46, 4 июл 2024
  • 36

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ 40%ГА ЧЕЙИН КАМТУУГА АРАКЕТТЕР ЖАСАЛУУДА

2-июлда “Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары” форумунда Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова “Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү” деген темада баяндама жасады. Форум жүрушүндө балдарды бала бакчага камтуунун механизмдери кызуу талкууга алынды.

Нурзида Касымованын айтымында үстүбүздөгү жылы мектеп жашына чейинки балдарды бала бакча менен 40% камсыздоого даярдык көрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул процесстин жүрүшүндө кошумча 113 миң наристе бала бакчага тартылып, экономикалык натыйжалуулугун алганда кошумча 7 120 жумушчу орун түзүлө тургандыгын маалымдады.

12 жылдык билим берүүгө өткөн учурда, 6 жаштагы балдардын баары 1-класска барып, милдеттүү түрдө билим берүүгө тартылат. Учурдагы мониторингдин натыйжаларына ылайык, бала бакчага барган балдар, мектепке даярдоо программасынан (0- класс) өткөн балдар жана мектепке чейинки билим берүү программаларына тартылбаган балдар болуп үч түрдүү билим деңгээлиндеги балдар 1-класска келүүдө. Эгерде бала алты жашынан мектепке тартылса, баары бирдей шартта, бирдей деңгээлге жетишмек жана билим сапаты жакшырмак деп баса белгиледи.

Ошондой эле, билим берүүнү трансформациялоодо бала бакчаларга 6 жашка чейинки балдарды көбүрөөк тартууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн айтып, кошумча артыкчылыктарга токтолду. Аны менен катар, ийгиликтүү жыйынтыкка жетүү үчүн кайсы иш чаралар комплекси аткарылышы керек экенин тизмектеп өттү.

Жетекчилер жер-жерлерде ата-энелер, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып барып, түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүгө басым жасоолору шарт. Себеби максат коюп бара жаткан өзгөрүүдө балдардын басымдуусу мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалат.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынын так пландар иштелип чыкканын мисал келтирип, Нарын, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Панфилов райондорунда жакшы көрсөткүчтөр бар экендигин айтты.
https://edu.gov.kg/posts/3176/
*

ПРЕДПРИНИМАЮТСЯ МЕРЫ ДЛЯ ОХВАТА 40% ДЕТЕЙ ДОШКОЛЬНЫМ ОБРАЗОВАНИЕМ

2 июля на форуме «Современные стратегии трансформации образования» начальник управления дошкольного образования Министерства образования и науки Нурзида Касымова выступила с докладом на тему «Расширение охвата дошкольным образованием».

В ходе форума обсуждались механизмы увеличения числа детей, посещающих детский сад.

По словам Нурзиды Касымовой, в этом году проводится комплексная работа по обеспечению детскими садами 40% дошкольников. Она сообщила, что в ходе этого процесса в детские сады будут дополнительно зачислены 113 тысяч детей, а с учетом экономической эффективности будет создано 7120 рабочих мест.

При переходе на 12-летнее образование 6-летние дети пойдут в I класс для получения обязательного образования. По результатам текущего мониторинга в I класс приходят дети трех разных образовательных уровней:
— дети, посещавшие детский сад,
— дети, прошедшие программу подготовки к школе (0 класс),
— дети, не охваченные программами дошкольного образования.
Она подчеркнула, что если ребенка зачислить в школу с 6 лет, то в одинаковых условиях все достигнут одинакового уровня и качество образования улучшится.

Она также сообщила, что при трансформации образования будут созданы возможности для привлечения в детские сады большего количества детей до 6 лет, и указала на дополнительные преимущества.

Нурзида Касымова перечислила меры, необходимые для достижения успешного результата, в частности, руководителям необходимо тесно сотрудничать с родителями и местными властями, расширить разъяснительную работу. При целевых изменениях большинство детей будет охвачено дошкольным образованием. Она привела пример разработки четких планов Ноокенским районным отделом образования Жалал-Абадской области и сообщила, что хорошие показатели есть в городах Нарын, Ош и Панфиловском районе Чүйской области.
https://edu.gov.kg/posts/3176/

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!