ВС, 8 сентября 08:24
5.7°C Джалал-Абад
USD: 84.2 EUR: 93.6 CNY: 11.88 KZT: 0.17 RUB: 0.94

«Муундар ортосундагы маданий айырмачылыктар: тарбиялоого тийгизген таасири» илимий-практикалык конференция.

  • 15:51, 19 июл 2024
  • 76

Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борбору тарабынан  «Ата-энелердин бирге аракеттешүүсү менен кошумча билим берүү аркылуу балдардын инсанын калыптандыруу баалуулуктардын жана салттардын көйгөйлөрү»деген темада ХII эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп катышып келди.

Муундар ортосундагы маданий айырмачылыктардын тарбиялоого тийгизген таасири жөнүндө сөз кылуу менен  өтө маанилүү жана актуалдуу маселелер каралды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын жана «Инсанды руханий- адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө» Концепциясын ишке ашыруу максатында:

Кыргыз Республикасынын билим берүү мыйзамдары:

КРнын кошумча билим берүү уюмунун типтүү жобосу:

КРнын2020-2027-жылдарда окуучуларды жана окуган жаштарды тарбиялоо Концепциясы;

Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун уставы:

1.Жогорудагы нормативдик актылардын негизинде, иш-чара кабыл алынып , муундар  ортосундагы көйгөйлүү маселелерди,тарбиялоого тийгизген таасири жөнүндө ишмердүүлүк жүргүзүлөт.

Муундар ортосундагы көйгөлүү айырмачылыктар:

Азыркы учурда жасалма технология менен, телефондо көп убактыларын кетирип,акыл-эстин эске тутуму төмөндөп бара жатат.

Технология учурунда муундар ортосундагы айырмачылыктар, балдардын тарбияланышына оң жана терс таасирлерин тийгизет.

Балдар менен улуу муундун ортосундагы мамиле байланышы азайып,эмгек күч жөндөмү чектелип баратканы байкалууда.

2.Улуу муун менен кийинки муундун ортосундагы тарбиянын байланыштары.

3: Педагогдордун балдарга тарбиялоого тийгизген таасири делген маселелердин үстүндө конференция өткөрүлдү.

Конференцияда балдар чыгармачылык үйүндөгү иштелип аткарылып жаткан иштер боюнча уюмдун директору Г.Атамкулова слайд аркылуу маалымат берилди.

Иш чарадагы алгылыктуу иштерде: Ар бир балага , мугалимдер жеке жана топтор менен бирдей мамиледе үзгүлтүксүз изденүү менен билим берип баарлашуусун,  «Жаш толкун» комуз фольклордук ийрими сабак учурундагы концерттик программалар,  массалык маалымат каражаттары менен  иш алып баруу,жүргүзүлгөн иш аракеттерди чагылдыруусун, ата-энелер менен  биргеликте «Атам –апам жана мен»  деген темада сынактары, КРББнүн 30жылдык юбилейине карата өткөрүлгөн  акциялар, «Ак нур» бий  ийрими  сабак учурунда жана коомдук иштердеги бийлери, Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларынан «Эрте жазда келген турналар» сынагындагы жетишкен ийгиликтери тууралуу доклад жасады.

4.Жыйынтыгында: Элдик педагогиканын негизинде улуу муун менен окуучулардын ортосундагы байланышы жакшы натыйжа бергендигин, ааламдашуу доорунда ата-эне, окуучу,мугалимдердин  ишмердүүлүктөрү менен маданий баалуулуктардын сакталышына карата, адеп-ахлактык темадагы  иш чаралардын байма-бай өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!