ВС, 28 апреля 17:02
8.6°C Джалал-Абад
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО 8-АПРЕЛДЕ БАШТАЛАТ

  • 17:39, 25 мар 2024
  • 85

1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО 8-АПРЕЛДЕ БАШТАЛАТ.2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
 I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин,
 II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.
1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:
– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;
– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.
Электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call-центр) кайрылуу керек. Чалуу акысыз.
Чалуу борбору 2024-жылдын 8-апрелинен баштап, 30-августка чейин иш күндөрү саат саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт. Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00
https://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstanda-1-klasska-elektronduk-kattoo-8-aprelde-bashtalat/
Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система — https:Балдарды кабыл алуу үч этап менен жүргүзүлөт:

ӨТҮНМӨ БЕРҮҮ
Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү сайттан өтүнмөнүн формасын толтурат

ӨТҮНМӨНҮ КАРОО
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү уюмдун жетекчиси Сиздин өтүнмөңүздү текшерет

БАЛАНЫ КАБЫЛ АЛУУ
Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин баланы кабыл алуу ишке ашырылат//mektep.edu.gov.kg/Мектепке кабыл алуунун этаптары:
1-этапка өтүнмө башталганга чейин калды:
13
күн
15
саат
25
мүнөт
55
секунд
2-этапка өтүнмө башталганга чейин калды:
69
күн
15
саат
25
мүнөт
55
секунд
Бала бакчага өтүнмө берүү
Ата-эненин жеке кабинетине кирүү

#электрондуккаттоо

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!