ПТ, 3 мая 02:07
6.2°C Джалал-Абад
USD: 88.68 EUR: 95 KZT: 0.2 RUB: 0.95

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП МОДЕЛИ: ЖУМУШЧУ ТОП КОНЦЕПЦИЯНЫ ЖАНА ЖОЛ КАРТАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУДА

  • 17:34, 8 апр 2024
  • 8

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП МОДЕЛИ: ЖУМУШЧУ ТОП КОНЦЕПЦИЯНЫ ЖАНА ЖОЛ КАРТАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУДА

5-апрелде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасында 12 жылдык жалпы орто билим берүү концепциясын жана жол картасын иштеп жаткан жумушчу топтун жыйынына катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева жумушчу топко Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн 12 жылдык мектеп системасына өтүүнү негиздеген маалыматтарды даярдоону тапшырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы №99-т тескемесин аткаруу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде интеграциялоого багытталган мектептик билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу, анын түзүмүн өркүндөтүү максатында “Жумушчу топ түзүү жөнүндө” №503\1 буйругу чыккан.

Буйрукка ылайык атайын жумушчу топ түзүлүп, анын курамына окумуштуулар, илимий кызматкерлер, тажрыйбалуу практик педагогдор жана билим берүү тармагындагы эксперттер кирген.

Жумушчу топ Кыргыз Республикасында 12 жылдык жалпы орто билим берүү концепциясын жана жол картасын иштеп чыгып, Министрлер Кабинетине сунуштайт.

https://edu.gov.kg/posts/2765/

*

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!