СР, 8 мая 02:49
10.2°C Джалал-Абад
USD: 88.67 EUR: 95.48 KZT: 0.2 RUB: 0.95

«Жылдын мыкты тарбиячысы»

  • 10:56, 22 апр 2024
  • 251

Тогуз-Торо райондук   МЧББУнун «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсунун райондук баскычы  2024-жылдын 17-18-апрель күндөрү өткөрүлүп жыйынтыгы чыгарыды. Жыйынтыгында Күнчубак бала бакчасынын жогорку топтун тарбиячысы Токтобек кызы Ноорузгүл баш байгеге ээ болуп областык турга катышууга жолдомо алды. Келечек бала бакчасынын жогорку топтун тарбиячысы Мааланкулова Жылдыз 1-орунду , Перизат бала бакчасынын ортоңку топтун тарбиячысы Замирбек кызы Наргиза 2-орунду , Жаңылмырза бала бакчасынын жогорку топтун тарбиячысы Уланбек кызы Бактыгүл 3-орунду камсыз кылышты. Билим берүү кызматкерлеринин «Жылдын мыкты тарбиячысы-2024» кароо сынагына катышкан, райондогу МЧББУдарында чыгармачылык менен изденип  эмгектенген , билим берүүнү өнүктүрүүгө салмактуу салым кошкон, алдыңкы педагогикалык иш тажрыйбаларга бай тарбиячыларды аныктап, сыйлоо максатында Тогуз-Торо райондук педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы С.Р Садыков акчалай сыйлыктары  жана ардак грамоталары менен сыйлады.

«Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсунун райондук баскычын жыйынтыктоого РайМАнын  жетектөөчү адиси Т.Карагулова, РБББнүн башчысы Б.С.Иманбердиев, РББУнун жетектөөчү адиси З.Ажыбаев, Каргалык, Тогуз-Торо, Арал айылдык айыл өкмөтүнүн башчылары келип куттуктоолорун айтышып, ыраазычылык барактарын жана кызыктыруучу сыйлыктарын беришти.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!