СБ, 27 июля 17:22
29.3°C Джалал-Абад
USD: 84.04 EUR: 91.19 KZT: 0.17 RUB: 0.98

№7 Т.Сатыбалдиев атындагы ЖББОМде “Акыркы коңгуроо аземи” өтүлдү.

  • 10:44, 27 мая 2024
  • 166

№7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Акыркы коңгуроо аземи”  уюштурулду.  “Акыркы конгуроо” аземине   Райондук  мамлекеттик администрациясынын  өкүлү Баймамбет уулу  Мейманбек, Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Жээналиева Жыргал, Каргалык  айыл өкмөтүнүн инженер,программист Арзыматова Татыгүл Жумакадыровна,  Тогуз-Торо райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери Омүрбекова Майрамкүл Макелеңовна келип өз каалоо тилектерин  айтышты. РБББнүн ОУКнин методисти Ж.Жээналиева мектеп жыл башынан баштап эки долбоор менен иштешип келе жатканын баса белгилеп, «Окуу керемет долбоору» тарабынан модулдук программаларды башталгыч классынын мугалимдери 144 сааттык программанын негизинде окушуп сертификаттарга ээ болушуп тапшыруу кылды. Ушул эле долбоордон балдарга белек катары 1200 кызыктуу жомок китептери берилгендигин айтты. Каникулда балдар ушул китептерди окуп кызыктуу өткөрүлөөрүн кошумчалады.Ошондой эле  2013-2014-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык мааракеге, 2003-2004-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү 20 жылдык мааракеге келишип мектепке  20 көчөт сосна, 20 түп кызыл карагай, 50 түп роза гүлүн  алып келип беришти.

Мектеп директору “Акыркы коңгуроо” аземин  ачып, мектептин иши боюнча маалымат берди. Мектептин бүтүрүүчүлөрү 1-класс, 9-класс,11-класс жана 10 жылдык,20 жылдык мааракелеринин ээлерине  сөз берилип, өздөрү даярдаган чакан концерттик программасын тартуулашты.Андан сон сыйлык тапшыруу аземи болуп, Таштемир Сатыбалдиев атындагы  фонддун төрагасы Сатыбалдиев Манас  тарабынан отличник  окуучуларга жана мыкты мугалимдерге,  грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. “Мыкты предметтик” номинциясы менен  Молдобаева Ж,Солдатбек кызы Чолпон  (500 сом)  “Мыкты класс жетекчи”  номинациясы менен  Жүрсүн кызы Бегзада (500 сом) , “Мыкты бирикме” жетекчиси Солдатбек кызы Чолпон (500 сом) сыйланды.Мыкты коомдук уюм Карыбек кызы М (500). Ошо менен бирге 5 окуучу “Мыкты окуучу” деп табылып (200 сом), отличник болгон 30 окуучуга фонддон 100 сомдон берилди.Андан соң концерттик программа улантылып, акыркы конгуроо аземи жыйынтыкталды.

 

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!