ЧТ, 2 мая 17:28
12.9°C Джалал-Абад
USD: 88.68 EUR: 95 KZT: 0.2 RUB: 0.95

АНГЛИС ТИЛИ ЭЛ АРАЛЫК БААРЛАШУУНУН ТИЛИ. WE SPEAK ENGLISH

  • 16:14, 22 фев 2024
  • 450

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык окуучуларды англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 16-февралдан 22-февралга чейин райондун бардык билим берүү уюмдарында «Англис тили жумалыгы» жарыяланып өткөрүлдү.Окуучулардын арасында конкурстарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды уюштуруп, 5-11-класстын окуучулары үчүн «Англис тили эл аралык баарлашуунун тили» аттуу ачык сабактар өткөрүлдү.
N1 Тоту Мойдунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде англис тили жумалыгын өткөрүлүп,жалпы окуучулар үчүн «Англис тилин үйрөнөбүз» жана «Биз англис тилинде сүйлөйбүз» аттуу көргөзмө бурчтары жана 9-класстар арасында англис тилинде ырлар,көркөм окуулар, макал-лакаптар, жанылмачтардын конкурсу уюштурулду.Чет тили мугалимдери 10-класстар арасында «Save the planet», «Great Britain»,5-класстар арасында «Этиштерге саякат» темасында мыкты сабактарды өтүштү.Башталгыч 4-класстын окуучуларына «Акыл Ордо» оюну өткөрүлүп, ийримдин ишитери концерттик программа менен жыйынтыкталды.
№2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчу орто мектебинде “English is the language of the international communication“ аттуу англис тили жумалыгы өткөрүлүп,“Food, fruit, vegetables “ -3,4 класстар, “Clothes, rooms, my house” – 5 класстарына сүрөт конкурсу уюштурулду. “Ecology“ – 6 класстар, “Our national sport games“ – 7 класстар, “Places of interest of Great Britain“- 8 класстар арасында дубал газета чыгаруу кокурсу болду, “British holiday“ 9 класстар арасында макет жасоо ал эми Англия жөнүндө цитаталарды жазуу – 10 класстар арасында, 5-класстар арасында викторина, 3-класстарда ачык сааттар “The little red hen» өтүлүп,“English every day“ деген темада 6-класстар арасында предметтик олимпиада “Oral communication and responding the questions“ олимпиадага даярдоо боюнча мастер класстарды көрсөтүштү.
№13 М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде да -4-класстар арасында «My favourite cartoon character» деген темада, 5-6-7-класстар арасында «British holidays and traditions», 8-9-10-11-класстарда «English speaking countries and their capitals», 4-б- класстарга “Jerry works at a zoo”, 9-класстар арасында «Enjoy English» интелектуалдык таймаш оюндары жана ийрим окуучулары менен биргеликте « English is the world language of communication» аттуу англис тилинде сүйлөгөн мамлекеттердин салттарын, үрп-адаттарын, тарыхы боюнча оюн-зоокторун, ыр-бий менен коштолгон концерттик программалар көрсөтүштү.
№11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Crocodile” конкурстук оюндар өткөрүлүп окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун арттырып, сөз байлыктарын жогорулатып жана тил көндүмдөрүн өстүрүү максатында залга англис тилиндеги видео роликтер, кино фильмдер, мультфильмдер көргөзүлдү.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!