ЧТ, 2 мая 14:21
11.5°C Джалал-Абад
USD: 88.68 EUR: 95 KZT: 0.2 RUB: 0.95

БАЛА БАКЧАЛАРДЫН 4500дөн АШУУН ТАРБИЯЧЫЛАРЫ ОКУТУУДАН ӨТӨТ.

  • 17:11, 12 фев 2024
  • 492

         29-январдан 2-февралга чейин Бишкек жана Ош шаарларындагы бала бакчалардын 4500 дөн ашуун тарбиячыларын окутуу үчүн тренерлер «Мектепке чейинки билим берүү педагогдорунун кесипкөйлүгүн жакшыртуу» деп аталган окуудан өтүштү.Бул окутуу модулу бала бакча тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү илиминин жана практикасынын жаңы жетишкендиктерин эске алуу менен иштелип чыкты.Тренинг Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында уюштурулду. Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн  мектепке чейинки бала бакчаларынын 50 дөн ашык тарбиячылар «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында 1-марттан 30-марттка чейин 1- 4 кун (онлайн) педагог дистанттык форматта жана июнь айларында 5-9 күн (офлайн)  дарсканада кесиптештери менен биргеликте активдүү иштөө менен бирге окутуунун инновациялык ыкмаларын  өздөштүрүшөт.Модуль программасы 9 күнгө (72 саат) эсептелген.
#билимберү

#балабакча

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!