СБ, 27 июля 17:16
29.3°C Джалал-Абад
USD: 84.04 EUR: 91.19 KZT: 0.17 RUB: 0.98

БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН БИРИНЧИ ЖОЛУ СИСТЕМДҮҮ ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

  • 10:15, 28 мая 2024
  • 265

БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН БИРИНЧИ ЖОЛУ СИСТЕМДҮҮ ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Ошондой эле педагогикалык ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучулары, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, облустук усулдук борборлордун кызматкерлери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери окутулуп, Тогуз-Торо районунун РБББнү ОУКнин методисти Ж.Жээналиева “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында окуудан  өтүп тренерлик боюнча сертификатка ээ болуп райондогу 50 дөн ашык тарбиячыларды окутууда. “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун кесиптик компетенцияларын өркүндөтүү” модулу “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү” мамлекеттик стандартынын талаптарынын, илимдин жетишкендиктерин жана ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү практикасын эске алуу менен мектепке чейинки курактагы баланы бүтүндөй өнүктүрүү концепциясынын негизинде иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун кесиптик компетенцияларын өркүндөтүү” тренинги Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюштурулууда. 2024-жылдын март айында 4-күндүк онлайн окутуп, азыркы учурда 3-4-5-6-7-июнь күндөрү  оффлайн форматта окутууну улантууда.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!