СБ, 27 июля 21:29
19.9°C Джалал-Абад
USD: 84.04 EUR: 91.19 KZT: 0.17 RUB: 0.98

Билим берүү министри акыркы коңгуроо учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды

  • 10:29, 11 мая 2024
  • 52

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева балдардын коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйын министрдин орун басары Муратбек Касымалиев, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда онлайн өткөрүлдү.

Анда министр ар кандай иш-чараларды билим берүү уюмдарынын аймагында гана өткөрүүнү жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева башкармалык башчыларына 12 жылдыкка өтүү боюнча пландарын иштеп чыгууну, ар кандай акча жыйноолорду токтотууну, мектепке чейинки билим берүүнү 40% жеткирүү боюнча иштерди алып барууну, “Акыркы коңгуроо” салтанатында жана “Алтын тамга”, Жалпы республикалык тесттерин өткөрүүдө коопсуздукту кароону тапшырды. Бул жыйынга Тогуз-Торо райондук БББнүн башкы адиси З.Ажыбаев, ОУКнин башчысы Т.Какаева, башкы адис А.Борончиева, ОУКнин методисти Ж.Жээналиевалар катышып, ЖББОМтердин жетекчилигине  түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балдардын коопсуздугун кароо боюнча буйрук каттар чыгарылды. Ошону менен бирге  мектеп жетекилигине тапшырмалар берилди.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!