СБ, 27 июля 14:53
28.4°C Джалал-Абад
USD: 84.04 EUR: 91.19 KZT: 0.17 RUB: 0.98

Э.Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебинде өткөрүлгөн 25-май Акыркы коңгуроо салтанаттуу аземи.

  • 10:06, 27 мая 2024
  • 157

Э.Касымалиев атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектебинде өткөрүлгөн 25-май Акыркы коңгуроо салтанаттуу аземи.

 

“25- май Акыркы конгуроо салтанаттуу аземи 2 бөлүктөн өткөрүлдү.

Анда келген коноктор жана бүтүрүүчү окуучулар менен тааныштырылып салтанатту аземи КР Гимни менен ачылды. Мектеп директору Масынбекова Калиман, Райондук Мамлекеттик админстрациясынын башкы адиси   Маметкулов Чынгыз, Маданият бөлүмунүн башчысынын милдетин аткаруучусу Эгешова Гүлжамал Зарлыковна , ардагер мугалим Эралиев Токтобай, Табылгыты айыл башчысы Исаков Ишен, ата-энелер комитетинин төрө айымы Турапбаева Шайгүл, 11-класстын ата-энелеринин атынан Нусубалиева Айнагүл бүтүрүүчү окуучуларды жана 10 жылдык маараке ээлерин куттуктап сөз сүйлөштү. Андан соң 1-9-11-класстын окуучулары куттуктоо сөздөрүн айтып, ыр ырдап бий бийлешти. Куттуктоо аземинин экинчи бөлүгүндө 2023-2024-окуу жылында ийгиликке жетишкен мугалимдерди жана окуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Анда жалпысынан 21 отличник окуучу Токтожумаев Т, Эгешов З, Кожомбердиев Б, Чокморов Ж, Нусубалиев Б атындагы стипендиялар менен сыйланышты. Ал эми мектеп ичинде коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн жыл мыктылары грамоталар менен сыйланды. Конгуроо кагуу аземине 1-класстын окуучулары  Жамгырбеков А, Эрмекова Р ал эми 11-класстын окуучулары Ишенбекова Н, Жумагазиев Б. жана 10жылдык маараке ээлеринен Маратов А менен биргеликте коңгуроо кагышты.Салтанаттуу аземде окуучулардын коопсуздугун көзөмөлүн Тогуз-Торо райондук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук опер кызматкери: Билимбеков Бек бүтүрүүчүлөрдү жана маараке ээлерин куттуктап, бүтүрүүчү окуучуларды көчөгө чыкпоосун эскертти. Салтанаттуу азем КР Гимни менен аякталды.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!