СР, 8 мая 02:25
10.2°C Джалал-Абад
USD: 88.67 EUR: 95.48 KZT: 0.2 RUB: 0.95

«КИТЕП — КЫЛЫМ МУРАСЫ»АТАЛЫШЫНДАГЫ РАЙОНДУК СЕМИНАР ӨТҮЛДҮ.

  • 17:34, 23 апр 2024
  • 146

Райондук билим берүү бөлүмүнүн 20.03.2024-жылдагы №73 чыгыш  катынын негизинде жалпы билим берүүчү орто мектептеринде  23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө»карата жумалык иш чарасы болуп өттү.
🔹️Мектептин башталгыч класстарында «Менин сүйүктүү каарманым» деген темада 1-4 класстарында сүрөт көргөзмөсү, «Китеп биздин досубуз» аталышында китепче,буклет жасоо боюнча конкурстар  жогорку деңгээлинде өткөрүлдү.
🔹️Жалпы класстар арасында «Китеп окууга убакыт»окуу сааттары ата-энелердин катышуусунда өткөрүлдү. Ошондой эле «Менин сүйүктүү жазуучум» көркөм окуу сынагы (ыр, монолог,чыгармалардан узунду) 3-4- класстар арасында өтүлдү.
🔹️4-класстар аралык  окуучулары «Китеп жан дүйнөнүн азыгы»деген темада адабий кече өткөрүштү.Кечеде китептин келип чыгуу тарыхы,китеп жөнүндө ырлар,китепти сактоо, даңазалоо жөнүндө ,андан сырткары окуучулардын ар түрдүү таланттарына күбө болушту. Башталгыч класстар арасында уюштурулган жумалык иш чаранын алкагында #1Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы.б.б.о.мектебинин башталгыч 1-2-класстарынын арасында «Китеп -биздин досубуз» 📚📖📚аталышындагы кичинекей китепче (книжка-малышка), буклет , лепбук жасоо көргөзмөсү жогорку деңгээлде уюштурулду. Окуучулардын өз колу менен жасалган эмгектери көргөзмөнүн көркүн ачты . ЖББОБнин башталгыч класстарынын окуучулары , класс жетекчилери жана мектептин китепканачысы тарабынан өткөрүлгөн, «Китеп окууга убакыт» аталышындагы 1-4-класстар арасында USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунан келген китептер боюнча күн сайын китеп окуу жумалыгы болуп өттү. Жумалыкка ар бир класстын окуучулары , класс жетекчилери бул иш чарага ата -энелерди да тартуу менен окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатын ишке ашырууга жетишти. Ар бир ата -эне долбоордун китептерин баласы менен чогуу окуп , өз убагында талкуулап , кайтарым байланыш түзүүгө катышты. Класс жетекчилер Электрондук китепканадан китеп жүктөп алып, деңгээлине жараша тандап окууну да көрсөтүп беришти. Ар бир ата -эне бул саамалыкты колдоп, күн сайын баласы менен китеп окууга убакыт бөлүп , көзөмөлгө алаарын белгилеп кетишти. Практикалык бөлүгүндө окулган «чыгарманын картасын» түзүү тапшырмасын аткарышты.

USAID “Окуу керемет” долбоору,  Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган “Китеп – кылым мурасы” аттуу иш-чарасы  өткөрүлдү. Китеп күнүнүн негизги максаты – Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында, окуу маданиятын көтөрүү,китепканачылардын, мугалимдердин жана башкалардын өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын белгилөө менен коомчулукту китепти сүйүүгө үндөө жана жаш муунду китепти баалоого, китеп окууга кызыгуусун күчөтүүгө тарбиялоо болду.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Залкар Керипбаевич өз сөзүндө билим, акыл-эс, маданиятты өстүрүүдө, тарбиялоодо кыргыз китептеринин ролу эбегейсиз зор, бүгүнкү китеп күнүндө райондогу китепканачылар өздөрүнүн иш чараларында колго жасалган китептердин макеттерин ж.б.көргөзмөлөрү менен  катышып жаткан көрүнүш китеп маданиятынын жанданганынын далили экенин белгилеп, авторлорду жана окурмандарды, китеп таратуучуларды, жалпы китеп сүйүүчүлөрүн “Китеп күнү” майрамы менен куттуктады. Ошондой эле келген коноктор  Кыргызстандагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги жана ЮСАИДдин Окуу керемет долбоору тарабынан  окурмандарга китепканаларга акысыз китептерди таратып кичинекей окурмандарга кызыктуу китептерди беришип, китепканаларга колдоо көрсөтүп жаткандарына ыраазычылыктарын  айтышты.

Андан соң «Китеп адамзаттын рух ордосу» деген темада 10-11-класстар арасында поэзия кечеси өткөрүлдү. Китеп күнүнүн бир жумалык иш чарасында 8-9-класстарга  ессе, дил баяндар жазылып  сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле майрамдын алкагында райондун  китепканаларында жана мектептеринде ар кандай китеп көргөзмөлөр, акын жазуучулар менен жоолугушуулар, концерттер, конкурстар, театр оюндары жана китеп окуу боюнча кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлдү.

Ал эми бүгүнкү майрамдын катышуучулары жаны китептер менен таанышып, театр оюндарына, ар кандай конкурстарга, мелдештерге, викториналарга, сүрөт тартуу мастер-класстарына катышып, китеп сатып алууга жана ошондой эле «Интернет китепканада»деген темада презентацияга жана  кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Бул иш чарага «Окуу керемет» долбоорунун координатору Т.Осмокеева, Нарын областык билим берүү бөлүмүнүн методистери, башталгыч классынын мугалимдери онлайн форматта зуум программасы менен киришип ийгиликтерин каалашты. Бул тууралуу маалыматтарды Фейсбук, Инстаграмдагы  Окуу кереметтин баракчасына чыгарып,  мугалимдердин эмгегин бардык мектептерге жайылтуу болду.

23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» күнүн жыйынтыктоодо N11 Саймалуу -Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинде  райондук деңгээлде семинар өткөрүлүп жыйынтыкталды. Семинарга Атай айыл аймагынын мектептери катышты. Семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, бардык мектептердин китепканачылары, Райондук мамлекеттик администрация башчысы, акимдин социалдык иштер боюнча орун басары Токтобүбү Дүйшөнбековна, айыл аймагынын башчысы А.Жаңыбаев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Залкар Керипбаевич, РБББнүн ОУКнин башчысы Т.Какаева, РБББнүн методисти Ж.Жээналиевалар катышышты.
Семинарга китеп күнүнө карата тиешелүү мектептерде өткөрүлгөн иш чаралардын жыйынтыгы камтылган. Мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз.

 

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!