ПТ, 3 мая 08:30
8.5°C Джалал-Абад
USD: 88.68 EUR: 95 KZT: 0.2 RUB: 0.95

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КАНДАЙ НУКТА ӨНҮГҮШҮ КЕРЕК?

  • 15:37, 8 апр 2024
  • 9

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КАНДАЙ НУКТА ӨНҮГҮШҮ КЕРЕК?
Бишкекте “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап практикасы: реалдуулук жана перспективалар” деген аталышта илимий-практикалык конференция башталды.Конференцияга Тогуз-Торо районунан «Айзирек»бала бакчасынан жетекчиси А.Сакеева, «Перизат»бала бакчасынын жетекчиси А.Апыковалар катышып келишти. Анда республиканын бүт аймактарынан келген бала бакча педагогдору мектепке чейинки билим берүү ишмердүүлүгүндө кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу, инновациялык мамиленин баалуулуктарына ылайык окутуу ыкмаларын үйрөтүү жана STEAM илимий-техникалык чыгармачыл чөйрөнү түзүү боюнча алмашуу жана жайылтуу сырларын үйрөнүп тажрыйба алышты.
Алар үчүн төмөнкү темаларды камтылган кызыктуу секциялар иштешти:
— Ф.Фребелдин дидактикалык системасы;
— Математкалык өнүгүү;
— Жандуу жана жансыз жаратылыш менен изилдөө;
— Лего-конструкциялоо;
— Робототехника;
— Санариптик мультстудия;
— Этнопедагогика;
— Балдар үчүн туура сүйлөө технологиясы;
— Насаатчылык ж.б. Катышып келген МЧББУнун жетекчилери өзүлөрүнүн методикасы менен райондогу бала бакчанын педагогдору менен бөлүшмөкчү.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!