СБ, 27 апреля 13:09
9.1°C Джалал-Абад
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

Мугалимдер компьютер менен камсыз болушат.

  • 14:58, 1 мар 2024
  • 90

Тогуз-Торо районунун жалпы билим берүү уюмдарында STEM предметтери боюнча сабак берген 135 мугалимге компьютер берилүү астында турат.
STEM — билим берүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканыбыздын себеби, биздин буга чейинки жасап келген иштерибиз анын бир бөлүгү болгон. STEM – бул табигый илимдердин интеграциясы. Балдар колу менен жасап жаткан нерселерден сырткары, эмне кылып жаткандыгы жөнүндө дагы түшүнүк алышы керек. Аларга жөн гана модель жасап коюу кызык эмес, кылган эмгегинин натыйжасын көрүү маанилүү. Азыр биздин балдар ар кандай ойлоп табуучулук долбоорлорун ишке ашырып, патенттеп жатышат. Мындан улам STEM билим берүүнү өндүрүштүк ой-жүгүртүү технологиясы деп айтсак болот”.Буюрса дагы алдыга өсүү менен мугалимдердин иши жакшырат.
STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган.

STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт).

STEM билим берүүнүн өзгөчөлүгү — бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат.

STEM билим берүүнүн максаты — балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.

STEM билим берүүнүн натыйжалары:

— чыгармачыл ой жүгүртүүнүн түрүн өнүктүрүү;

— балдар өзүлөрүнүн сүйүктүү иш-аракетин аң-сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүү;

— коомдо ар тараптуу билим, хобби ж.б. ээ болгон жаңы муундун калыптанышы.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!