ВС, 28 апреля 03:34
2.2°C Джалал-Абад
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

«Окуу керемет!» долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды

  • 17:21, 28 мар 2024
  • 33

“ОКУУ КЕРЕМЕТ!”ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

27-мартта Нарын шаарында “Окуу керемет” долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери” аталышында тегерек стол өттү. Тегерек столго Тогуз-Торо районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Иманбердиев, «Окуу керемет»долбоорунун улуттук тренери Жолдошалы к Н, №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими З.Кулубаевалар катышып келишти.
Билим берүү министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова, Облусттук методикалык борбордун, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин, К. Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледждин өкүлдөрү, балдар адабият китептеринин авторлору, Нарын облусундагы максаттуу мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери, китепканачылары жана администрация өкүлдөрү долбоордун натыйжалары менен таанышып, башталгыч билим берүү системасында долбоордун натыйжаларын туруктуулугун бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Долбоордун Нарын облусундагы жыйынтыктары:
• 1 004 башталгыч класстардын мугалими окуучулардын окуу жана жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу, 750 мугалим математиканы окутуу ыкмасы, 336 методист жана мектеп администрация өкүлдөрү методикалык колдоо боюнча окутуу тренингдерине катышты,

• 112 максаттуу мектептер мугалимдер үчүн дидактикалык материалдардын топтомун жана 148 540 нускадагы балдар китептерин алышты,

• функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча класстан тышкаркы иш-чараларга 110 000ден ашуун окуучу катышты.

https://edu.gov.kg/posts/2721/

*

В НАРЫНЕ ПОДВЕЛИ ИТОГИ ПРОЕКТА «ОКУУ КЕРЕМЕТ!»

27 марта в г. Нарын проведён круглый стол на тему «Итоги и достижения
проекта USAID «Окуу керемет!».

Главный специалист Управления школьного, внешкольного и
дополнительного образования Министерства образования и науки Айнура Кусеинова, представители Областного методического центра, районных и городского отдела образования, Нарынского государственного
университета им. С.Намаатова и педагогического колледжа им. К.
Мамбетакунова, авторы детских книг, учителя начальных классов,
библиотекари и администрация целевых школ Нарынской области
познакомились с результатами проекта и обсудили действия для
укреплению устойчивости результатов в системе начального образования.

Результаты проекта в Нарынской области:

·1004 учителя начальных классов участвовали в тренинге по обучению чтению и письму, 750 учителей — по методике обучения математике, 336 методистов и школьных администраторов — по методической поддержке,

·112 школ получили дидактические материалы для учителей и 148540 детских книг,

·более 110 тысяч учащихся участвовали в мероприятиях по развитию функциональной грамотности.

https://edu.gov.kg/posts/2721/

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!