СБ, 27 апреля 17:28
8.3°C Джалал-Абад
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

Предметтик олимпиаданын облустук III баскычы.

  • 10:07, 1 мар 2024
  • 92

Предметтик олимпиада: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2024-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү 03.11.2023-жыл №5352/1 буйругунун негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн “2023-2024-окуу жылына карата мектеп окуучуларынын Республикалык предметтик олимпиадасынын райондук баскычын өткөрүү” жөнүндөгү 13.01.2023-жыл №2-б буйругу чыгарылып, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 11.11.2019-жылдагы №1310/1 буйругу менен бекитилген Республикалык олимпиаданы өткөрүүнүн Жобосун жетекчиликке алып, райондун жалпы орто билим берүү уюмдарындагы билимге кызыккан зээндүү окуучуларды табуу, алардын билимдерин өркүндөтүү үчүн дем берүү жана кызыкчылыктарына колдоо көрсөтүү максатында 2024-жылдын 18-19-январында Республикалык предметтик олимпиаданын II баскычы өткөрүлдү. Олимпиада кыргыз тили жана адабияты (кыргыз, орус класстар үчүн), орус тили жана адабияты (кыргыз, орус класстар үчүн), англис тили, математика, физика, информатика, химия, биология, география жана тарых предметтеринен болуп өттү.
Олимпиаданын II баскычына райондогу жалпы орто билим берүүчү уюмдарында өткөрүлгөн I баскычтын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү болуп аталган 262 окуучу катышты.
Жыйынтыгында 36 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп, анын ичинен 22 окуучу 1-2-орундарга ээ болгондуктан, олимпиаданын облустук III баскычына катыша алышты. 25-28-февралда Жалал-Абад шаарына барып катышып, төмөнкүдөй жыйынтыкка ээ болду. 1.Кыргыз тили предметинен- № 5 Барктабас ат.ЖББОМнин 11-классынын окуучусу Абитова Үпөл Адылбековна 3-орун, химия предметинен-№2 Асан Абдраимов ат.ЖББОМнин 11в-классынын окуучусу Абдилашымова Азема Уланбековна 3-орун жана англис тили предметинен-№1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал ЖББОМнин 10б-классынын окуучусу Дөөлөтбекова Баяна Алмазбековна 3-орун.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!