ЧТ, 2 мая 22:30
7.4°C Джалал-Абад
USD: 88.68 EUR: 95 KZT: 0.2 RUB: 0.95

«САНАРИП ЖАШ МУГАЛИМ-КООМДУН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИ»

  • 15:26, 5 апр 2024
  • 20

Райондук деңгээлде «Санарип жаш мугалим-коомдун жаркын келечеги» темасындагы жаш мугалимдерге РБББнүн адистери, райондун алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдери 4-апрель 2024-жылда усулдук семинар-тренинг өтүштү.Семинар-тренингдин максаты:Жаш мугалимдерге мотивация берүү менен келечек ээлерине билим-тарбия берүүдө чыгармачыл, тажрыйбалуу алдыңкы педагогдордун катарын толуктоого өбөлгө түзүү.
1-бөлүмдө №1 Т.Мойдунов атындагы ЖББОМнин башталгыч классынын З.Кулубаева «Жылдын мыкты мугалими-2023» сынагынын жеңүүчүсү, республикалык баскычтын катышуучусу катары «Ийгилике жетүүнүн жолдору» аталышындагы ийгиликтери менен жаш мугалимдерге мотивация берди.№2 А.Абдраимов атындагы тарых мугалими А.Султаналиева Республикалык «Медиа бурч» сынагынын 1-орундун ээси, «Медиа сабаттуулук-мезгил талабы» деген темада окуучулары менен биргеликте презентациясын жогорку деңгээлде көрсөттү.№4 Иманберди уулу Иса атындагы ЖББОМнини диретору Г.шайыкова «Өзүн өзү ар тараптан өнүктүрүү» аталышта жаш мугалимдерге сабактын өтүүдөгу жолдорун, ыкмаларын жана өнүктүрүүчүлүк этаптарына жетүүгө карата презентациясы менен бөлүштү.
2-бөлүмдө ОУКнин башчысы Т.Какаева «Инновациялык багыттагы интерактивдүү ыкмалардын түрлөрү жана аткаруу технологиялары» темасында презентация-тренингди жаш мугалимдер менен бирге инсерт методун бөлүшүп усулдук колдоо көрсөттү. Мындан сырткары баалоо системасында баллдык системадан баа коюу системасына өтүү жолун үйрөттү.ОУКнин методисти Ж.Жээналиева «Мамлекеттик билим берүү стандарты:негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр»деген темада жаш мугалимдердин ишмердүүлүгүн эмненин негизине таянып иштейсиздер? деген суроо менен баарлашууну уюштуруп, презентация-тренинг өттү.Тогуз-Торо райондук педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы С.Р.Садыков «Мугалимдердин социалдык укуктары, милдеттери жана социалдык кепилдиктер» деген темада кеңири маалымат берүү менен жаш мугалимдерге акыл насаатын да айтып өттү.
3-бөлүмдө 2023-24-окуу жылындагы «Санарип мугалим» конкурсунун жеңүүчү педагогдору санарип мугалимден бир сабак аталышында предметтик мугалимдер мастер класс өтүп беришти.
4-бөлүмдө «Бүгүнкү темага ылайык катышуучулардын ой толгоосу» жыйынтыктоодо №13 М.Жаңыбаева атындагы ЖББОМнин башталгыч классынын мугалими Ф.Абдрасулова «Санариптештирүү заманында окутуунун жаңы технологияларын колдоо» деген темада жогорку деңгээлде мастер класс көрсөттү.Жыйынтыгынды келген жаш мугалимдер методикалык усулдук колдоо алуу менен өздөрүнүн билгенден билбегени көп экендиги айтышып,бүгүнкү уюштурулган семинарга жаш мугалимдер ыраазычылыгын айтышты.ОУКнин башчысы Т.Какаева семинарга анализ берүүдө: «Санарип жаш мугалим-коомдун жаркын келечеги» темасындагы жаш мугалимдерге семинар өз максатына жетти, ар тараптуу мотивация, ийгиликтер менен бөлүшүлдү, пайдалуу материалдарды алдык деген жыйынтыктоо менен аякталды.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!