Шенмо Ала-Тоо менталдык математиканы окутуу
2023-2024-ж.ж окуу жылында Шенмо Ала-Тоо окуу борборунда №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинен жана №2 Асан Абдраимов атындагы ЖББОМ нен окуучулар билим алышты. Окуучулар 1, 2, 3, 4, 5- деңгээлди окуп жана тиешелүү деңгээлди бүтүргөндүгү тууралуу сертификаттарга ээ болушуп, 26-майда тапшырылды. Шенмо Ала-Тоо менталдык математиканы окутуу борборунда 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар билим алышат.
13-апрель 2024 -жылы Малазия мамлекети тарабынан менталдык математика боюнча онлайн олимпиада откорулду. Олимпиадага жалпысынан 18 окуучу катышып алтын, күмүш , коло жана өзгөчөлөнгөн деген сертификаттарды жана июль айында Малазияда боло турган менталдык математика боюнча оффлайн олимпиадага 10 бала жолдомо алышты.
Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!