ВТ, 30 апреля 04:51
3.8°C Джалал-Абад
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

  • 10:08, 15 апр 2024
  • 137

Квалификациялык талаптар:

o Улук кызмат орундары үчүн:

Бөлүмдүн башкы адиси (У-Б)- 2 шт.бирдик

Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим (бакалавр, магистр)- педагогикалык, гуманитардык багыттар боюнча

Иш стажы жана тажрыйбасы:

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын жалпы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес
o Кенже кызмат орундары үчүн:

Бөлүмдүн жетектөөчү адиси (К-А)- 1 шт.бирдик

Бөлүмдүн адиси (К-Б)- 1 шт.бирдик

Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку билим (бакалавр, магистр)- педагогикалык, гуманитардык багыттар боюнча

Иш стажы жана тажрыйбасы:

Иш стажысына  талап коюлбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

1.Улук кызмат орундары үчүн:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын  жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
КРнын Өкмөтүнүн 03.03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын  “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандарты;
Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн  Мамлекеттик билим берүү стандарты;

2.  Кенже кызмат орундары үчүн:

— төмөнкүлөрдү билүү

Кыргыз Республикасынын  жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;

Жалпы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын Коснтитуциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
КРнын Өкмөтүнүн 03.03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын  “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

Жеке арызы;
Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
Паспорттун көчүрмөсү

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Иш убактысы  саат 08:30дан 18:00гө чейин

Дареги: Жалал-Абад облусу,  Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Т.Жээналиев көчөсү №31/1, Тел.: (03738) 50033, моб.: 0709777815

Сайт:https://mkk.gov.kg/

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!