ВТ, 30 апреля 01:02
4.7°C Джалал-Абад
USD: 88.8 EUR: 95.38 KZT: 0.2 RUB: 0.96

USAIDдин «Окуу керемет!» долбооруна ыраазычылык билдиребиз!!!

  • 15:04, 11 апр 2024
  • 161

2021-2022- 2023-2024-окуу жылдарындагы «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» долбоору менен тыгыз байланышта иштеген иштеринде алгылыктуу көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды. USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору – башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган беш жылдык долбоорду улантууда райондогу 11 жалпы билим берүүчү орто мектептеринин башталгыч класстары 2021-жылдан баштап окуп баштаган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен USAIDдин ортосунда бекемделип азыркы учурда өз максатына жетүүдө.Себеби алыскы райондордо окутуулар Нарын обласынын координаторлору Айжаркын Жунусакунова, Токтогүл Осмокеевалар, улуттук тренерлер Гулмира Оморова, Жолдошалы кызы Нурзат менен биргеликте райондогу 11 мектепке түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, семинар , ачык сабактар декадасын жана тренингдерди өтүп келишти.
Долбоор биздин район боюнча 14 мектепти, башкача айтканда, жалпы райондогу билим берүүчү мектептердин 75% камтыйт: 90дон ашуун башталгыч класстардын мугалимдерин, мектеп администрациясынын өкүлдөрүн, райондук/ билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерин жана мектеп китепканачыларын окутуп келишти. Натыйжада, жалпы район боюнча башталгыч класстардын окуучулары орто мектепте ийгиликтүү окуунун пайдубалы болгон окуу жана математика көндүмдөрүн жакшырта алышты.
«ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ – Тогуз-Торо районунун МЕКТЕПТЕРИНДЕ БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ түзүлдү. Окууну, эсепти жана математиканы окутуунун сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр берилди. Башталгыч класстардын мугалимдеринин окуу, жазуу жана математика боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатуу программаларын түшүнүп ишке ашырылды. Долбоорго биринчи жылында окуу жана жазуу боюнча башталгыч класстардын мугалимдери үчүн беш окутуу модулдарын окуп түшүнө алышты. Бул материалдар Кыргызстанда буга чейин ишке ашырылган USAIDдин «Бирге окуйбуз» (2013-2017) жана «Келгиле окуйбуз» (2016-2021) долбоорлорунун алкагында иштелип чыккан базалык модулдардын негизинде түзүлгөнүндө райондо 14 мектеп окуп, окутууну жүргүзүү жана мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү үчүн долбоор эки улуттук тренерлерди даярдады. Алар учурда онлайн форматта окутуу жүргүзүшүп, долбоордун алкагында иштелип чыккан электрондук тиркемени колдонуу менен сабактарга байкоо жүргүзүп, кайтарым байланыш берип жатышты. Координаторлор аймактык жолугушууну жана окууну кварталына жерине келип окутушуп сабактарга байкоо жүргузүү менен максатына жетишти.
2021-жылдын январь айынан баштап «Окуу керемет!» долбоору 11 мектептердин мугалимдери үчүн башталгыч мектепте окууну жана жазууну интеграциялап окутуу боюнча тренингдерди өтүштү. Бул окутуу программасы беш модулдан турат: «Башталгыч класста дифференцияланган окутууну колдонуу», «Предметти жана тилди интеграциялап окутуу», «Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу», «Башталгыч мектептеги чыгармачыл жазуу», «Башталгыч мектептеги күн сайын жазуу». Бул кесиптик чеберчиликти жогорулатуу программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууда 72 саат көлөмүндө бекитилген окутуу программасын аяктаганда 90 ашуун мугалимдер РПККЖжКДИнин жана Долбоордун биргелешкен сертификатын алышты. Окутуу программасы дифференцияланган мамилени колдонуп, башталгыч класстардын окуучуларынын окуу, окуганын түшүнүү, күн сайын жана чыгармачыл жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Ошондой эле, мугалимдер жана администрация өкүлдөрү сабактарга байкоо жүргүзүү жана калыптандыруучу баалоо боюнча электрондук тиркемелерди пайдаланууну үйрөнүштү.
КР ББИМдин буйругуна ылайык (№ 20/1, 14-январь, 2021-ж.) тренингдер ушул окуу жылынын аягына чейин дистанттык форматта Moodle платформасынын базасында өтүп жатты. Азыркы учурда 140дан ашуун мугалимдер долбоорду улантып, кийинки окуу жылдарында да «Окууну жана жазууну интеграциялап окутууну камсыз кылууда. Долбоор башталгыч класстардын мугалимдери үчүн математиканы окутуу методикасы боюнча да кесиптик квалификациясын жогорулатуу программасынын он модулду окушту. 2022-жылдын январынан тартып долбоор РПККЖжКДИ менен биргеликте математиканы окутуу методикасы башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча окутуу жүргүзүлдү.

Долбоор 2021-жылы жайында мектеп жетекчилерин, РайББ өкүлдөрүн жана МУБдун башчыларын усулдук колдоо методдору жана технологиялары боюнча окутуулар болду. Сабакка байкоо жүргүзүү жана мугалимге кайтарым байланыш берүү үчүн колдонууга болгон менторинг боюнча электрондук тиркемелер иштелип чыкты. Ар бир мектеп жана Рай ББ тиркемелер жана материалдар топтому жүктөлгөн планшет алышып баалоону үйрөнүштү. Тиркемелердин бири — окуучулардын окуу жана математика көндүмдөрүн калыптандыруучу нукта баалоо үчүн тиркеме мугалимдердин баарына жүктөп алууга сунушталат. Бул тиркемеде баалоо жана баалоонун жыйынтыктарын иштетүү жана талдоо үчүн электрондук формалар берилген. Бул формалар окуучулардын көндүмдөрүнүн калыптанышы тууралуу маалыматты тез алууга жана бул маалыматты окутуунун жүрүшүндө кийинки кадамдарды жана дифференцияланган окутууну пландаштырууда колдонууга мүмкүнчүлүк берди.
Китеп окууну популяризациялоо, китепке болгон кызыгууну арттыруу, башталгыч мектепте базалык окуу жана математикалык сабаттуулукту калыптандыруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымдоо максатында долбоор мектептер, ата-энелер коомчулугу, коомдук жана мектеп китепканалары менен жогорку деңгээлде иштерди алып барышты. Мектепте китеп фестивалы, математика боюнча чемпионаттар, топтук изилдөө долбоорлор, китеп клубдары, жайкы окуу жана эсеп лагерлер ж.б. сыяктуу иш-чаралар өткөрүлдү. Аларды уюштурууда райондук тренерлер Г.Оморова, Н.Жолдошалы кызы, Окуу бөлүм башчылары, мугалимдер, мектеп китепканачылары жана ата-энелер катышышты. Мисалы, 23-апрелде белгиленген “Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө “арналган иш-чараларда “Китеп баштыкчасы”, “Китеп банкы”ж.б.иштер тынымсыз улантылып келүүдө. Райондогу мектептердин мектеп китепканачылары долбоордун тренингдерине активдүү катышып, башталгыч класстардын окуучуларын китеп окууга тартуу үчүн мектептердин базасында класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүштү. Биз балдар жана ата-энелер үчүн кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүп №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал мектебинин китепканачысы райондук деңгээлде тренингдерди өтүп, жалпы китепканачылардын “Окуу керемет”долбоорунун алкагында китеп көргөзмөлөрүн коюшту. Балдар жана ата-энелер үчүн, мектеп китепканасы жана райондогу коомдук китепканалар менен тыгыз байланыш болуп келди.
№8 М.Абдыжапаров атындагы ЖББОМде 23-апрель “Китеп күнүнө” карата 2022-жылдын 21-апрелинде “Китеп өмүрдүн ыраакы жана карангы жолунда адамга нур тартуулаган жомоктогудай шам чырак” темасында семинар болуп өттү.
Семинардын катышуучулары: Тогуз-Торо району боюнча “Окуу керемет” долбоорунун координатору Жунусакунова Айжаркын,Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы Окуу-усулдук кабинетинин башчысы Какаева Таалайкүл,Улуттук тренерлер Залимтөрөева Гүлмира,Жолдошалиева Нурзат,райондук мектептердин китепканачылары. Семинардын жүрүшүндө “Китеп жан дүйнөнүн азыгы” деген темада Кайыпбекова Айнура 4-класстын окуучулары “Окуу кереметтин” жомок китептеринин парадын өткөрдү,көрүүчүлөргө кызыктуу болуп,абдан чоң таасир калтырды.Китепти даңазалоо боюнча көркөм ырлар айтылып,ыр-бий менен коштолду.Семинарды ачылышында мектеп директору Орозова Жылдыз сөз сүйлөп китеп майрамы менен келген конокторду куттуктап, семинарды ачып берди. “Китеп адам үчүн ажайып дүйнө ачат” деген темада китепканачы Сырынбекова Анархан китеп тууралуу кызыктуу маалыматтарды берип,талкуулашты.Улуу ойчулдардын сөздөрүн,Word well программасында окуучуларга анаграмма,поле чудес ыкмасы аркылуу иштетти.Мындан сырткары “Окуу керемет” программасынын негизинде ”Үй-бүлөлүк окурман” темасында Аракеева Мээрим жана кызы Ниязбек кызы Аруузат менен “Жол эрежесин сактоо боюнча” долбоор жакташты,Жамсизат кызы Мээрим уулу Токтомушев Абай менен “Сүлөөсүн” китебиндеги жаныбарларды коргоо боюнча кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Төрөгелдиева Нуржан 2-класска “Китептин душманы” темасында “Окуу кереметтин” окуп түшүнүү стратегиясын,Word well программасында тесттик иштерди,теманын негизинде роллдоштуруп сценка аткартуу менен кызыктуу сабак өттү. Бердалы кызы Акылкарачач “Китеп адамды,адам дүйнөнү өзгөртөт” деген темада китепканачыларга жана мугалимдерге окуучуну китепке кызыктуруунун жаңы интерактивдүү ыкмаларын көрсөтүп берди.
«Окуу керемет!» ЮСАИД долбоору боюнча 2020-2021-жылындагы аткарылган иштер боюнча маалымат
«Окуу Керемет!» ЮСАИД долбоорунун башталгыч класстарынын мугалимдеринин окуу жана жазуу боюнча кесиптик педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 14.01.2021-жылдагы №20/1 буйругун аткаруу максатында кыргыз класстар боюнча №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жолдошалы кызы Нурзат, №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Кудагелдиева Венера Нурдиновна Нарын областынан жана орус класстар үчүн №2 А.Абдраимов орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Залимтөрөева Гүлмира Өмөровна Бишкек шаарынан окуп келишти.
“Окуу керемет!” ЮСАИД долбоору-бул башталгыч мектеп окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуп-үйрөнүү натыйжаларын жакшыртууга багытталган беш жылдык (2019-2024) долбоор. Бул демилге ЮСАИДдин Кыргыз Республикасында башталгыч мектеп окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган буга чейинки долбоорлорунун жетишкендиктерине негизделет. “Окуу кермет!” долбоору математика жана окуу сабактары боюнча класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууга колдоо көрсөтүү менен башталгыч класстардын бардык окуучуларын сапаттуу билим менен камсыз кылуу багытында Кыргыз Республикасынын Билим беруу министрлиги менен кызматташтыкта иш алып барат.
Тогуз-Торо району боюнча жалпысынан 11 мектеп “Окуу керемет!”ЮСАИД долбооруна кирген.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусунун чыгышына байланыштуу, долбоор өлкөдөгү мугалимдерди окутуунун аралаш форматын уюштурду (аралыктан жана онлайн). Дистанттык окутуу-бул өз алдынча билим берүү формасы, ал Moodle платформасында 2021-жылдын 13-февралынан, 29-майга чейин ишемби кундөрү (жумасына бир жолу) 2-2,5 саат окутулуп жатты. Ага чейин ар бир мугалим базага катталып киришти. Базага кирген мугалимдерге 3-4-5-модулдун китептери берилди.
3-модуль “Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу”, 4-5-модуль “Башталгыч мектептеги чыгармачыл жана кун сайын жазуу” деген темада 13-февралдан, 29-майга чейин видеоконференцияларга катышып онлайн тренингден өтүштү. Мугалимдер алган билимдерин практика жүзүндө окуучуларга сабак өтүп беришти. Мугалимдердин методикасын өркүндөтүү үчүн ар тараптуу насаатчылык колдоо көрсөтүү максатында улуттук тренерлер сабактарга байкоо жүргүзүп жатышты.
Андан тышкары “Окуу керемет” долбоорунун алкагында райондон эки мектепте класс кабинети ачылды. №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим беруучу орто мектебинде №23 кабинет, кабинет башчысы Жапаркулова Айнура кабинет айыл өкмөт тарабынан заманбап санариптик технологиялар менен камтылган жана №2 А.Абдраимов орто мектебинде №5 кабинети Залимтөрөева Гүлмиранын демилгеси менен ачылган.№5 Барктабас атындагы ЖББОМде 26.10.2021-жылы USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында зоналык жолугушуу семинар-тренинги болуп өттү. Семинарга РБББнүн методисттери, долбоордун регионалдык өкүлчүлүктөрү, координатор-Осмокеева Токтогүл, тренингдер боюнча адис-Жунусакунова Айжаркын, улуттук тренерлер-В.Н.Кудагелдиева, Г.О.Залимтороева, Жолдошалы к Н, район ичиндеги башталгыч класстардын мугалимдери жана мектеп жамааты катышышты. Семинарда стратегиялар боюнча ачык сабактар, мастер класстар өтүлүп, класстан тышкаркы иштер ата-энелер менен бирге уюштурулган мындан сырткары долбоордун алкагында китепкана көргөзмөсүнө катышып, мугалимдер усулдук жактан колдоо алышты. Семинар-тренинг жогорку деңгээлде болуп өттү жана иш аракеттер газета беттерине сунушталды.
2023 -2024-окуу жылына карата педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн камсыздоо жана усулдук иштерди уюштуруу боюнча биргелешкен типтүү планынын аткарылышы боюнча “Окуу керемет”долбоорун улантуулар тынымсыз жүргүзүлүп, ОУК нин методисти, «Окуу керемет» долбоорунун мнтору Ж.Жээналиева райондун мектептериндеги иштерине байкоо жүргүзүү менен 4 визит менен окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун стандарттык талаптарга шайкештигин камсыздоо жана “Окуу керемет”долбоорунун ишин жандандырууну улантуу менен жыйынтыктады.Долбоордогу иштин биоинчи максаты:
Окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун стандарттык талаптарга шайкештигин камсыздоо, райондук мектептердин базасында функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча “Окуу керемет” долбоору боюнча райондук усулдук семинар уюштуруп (кластер, тренинг, зоналдык семинар) Sabak App, BaaIoo App программасы менен иштөө болду. Мугалимдердин тажрыйба алмашуусу 1-4 класстарынын окуучуларынын түшүнүү менен окуунун жана математикалык көдүмдөрүн электрондук баалоо боюнча BaaIoo App тиркемесин киргизүү. Окуу жана математика, класстан тышкаркы иштер боюнча 3 багытта иштер аткарылды.
“ Окуу керемет” долбооруна 13 мектептин башталгыч классынын мугалимдери жана долбоордун Нарын облусунун координатору А.Жунусакунова жана РБББнүн методиси Ж.Жээналиева катышып Sabak App, BaaIoo App прог. менен кандай иштер болуп жаткандыгын карап чыгуу менен бирге, 1- класска окуу сабагынан Ж.Кыргызалиева “Көпөлөк жана аарылар” темасында сабагына, М.Орозова 2-класска өтүлгөн “Амалдарды аткаруу тартиби” Кашаа” темасындагы математика сабактарына күбө болушту тышкаркы иштер боюнча К.Мааткеримова ата-энелерге “Үй бүлөөлүк окууну кантип уюштуруу керек?” темасында ата-энелер чогулушун өтүп берди “Окуукеремет”дол.коорд:А.Жунусакунова рай.мектептериндеги мугалимдерге 5 модуль боюнча түшүнүк берди. Аймактык тажрыйба алмашуу мугалимдер үчүн маанилуу болду. Методикалык материалдар,Слайддар,техникалык каражаттар,“Окуу керемет”дол.залда бурчтар жаңыртылып уюштурулду. Планшеттерге түшүрүлгөн тиркеменин негизинде баалоо жүргүзүлүп жатты. Тажрыйба алмашуу семинары 100% мектептердин катышуусунда өткөрүлүп жатты.
№3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 2023-2024-окуу жылынын 15-декабрда өтүлгөн «Үй –бүлөлүк математикалык турнири” деген темада өткөн мелдеш сабагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 2023-жылдын 15-декабрында өткөрүлгөн “Башталгыч” класстардын семирнарында 4-класста “Окуу керемет” долбоорунун негизинде түзүлгөн «Үй –бүлөлүк математикалык турнирде” ата-энелер жана окуучулар менен бирдикте “Математикалык чемпионат” мелдеш сабагы өткөрүлдү. Сабакка 9окуучу жана 9ата-эне катышты.3 командага бөлүнүштү. Ар бир команда оздоруно команданын атын жана капитанын шайлап алышты.1-команда : “Жаш канат”, 2-команда: “Ынтымак”, 3-команда:“Келечек”.
Ал эми Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Ж.Жээналиева жана Барктабас орто мектебинин башталгыч класс мугалими Г.Жаңыбаева эжекелер оюнга калыс болуп беришти.1-тур: Капитандарга логикалык суроолор берилди. 2-тур: 3 тапшырма
1-тапшырма: Суроо белгисинин ордуна үч бурчтукка кандай сан жазылышы керек. 2-тапшырма : Жоопторду мисалдар менен сызыктар аркылуу байланыштыруу болду. 3-тапшырма: Белгисиз санды таап жазуу, 3 тапшырма Финансылык сабаттуулук жөнүндө, жомоктогу каармандарды геометриялык фигуралардан кесип чаптоо болду.
Бул тапшырмаларды ата-энелер окуучулар менен бирдикте аткарып жана аткарган тапшырмаларды жаттап берип жатышты.Бардыгы активдүү катышты. Жыйынтыгында эң көп балл чогултуу менен “Келечек” командасы “Чемпион” аталды. Жеңүүчү окуучуларга жана ата-энелерге “Ыраазычылык кат”, “Диплом” менен сыйланышты.
№ 6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин баш.кл. муг.Замирбек кызы Ф 2-класс Фин-Чилистен сынагы уюштурду.
Фин-чилистен сынагынын максаты.
• Жеке каржыны башкарууну үйрөнүшөт..
• Финансылык сабаттуулук калыптанат.
• Финансылык туура чечимдерди кабыл алууга тарбияланышат.
• Көрсөткүч (багыт берүү)
• Баланы коомдогу өз алдынча жашоого даярдоо, өзүн-өзү алып жүрүү, каржылык жана экономикалык мамилелерди билүү, жеке материалдык байлыкты жогорулатуу, акча менен байланышкан туура адаттарды, каржылык жактан сабаттуу жүрүм-турум мамилелерин, келечекте каржылык туура чечимдерди кабыл алууга, өз акчасын туура колдонууга, туура максат коюуга жана ага жетүүгө жардам берүү.
• Ал эми финансылык сабаттуулук-бул адамдын жаш кезинен калыптанып, өз алдынча акча табуу жана аны сабаттуу башкаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн өзгөчө сапаты.
Финансылык сабаттуулук-жеке каржыны эффективдүү башкаруу, кыска жана узак мөөнөттүү финансылык пландаштыруу.
Кичинекей мектеп курагындагы балдарды финансылык сабаттуулукка тарбиялоо азыркы учурдагы эң актуалдуу жана глобалдуу маселе. Ошондуктан баланы финансылык сабаттуулукка өздөштүрүүсүнө жардам берүү керек, бирок ал үчүн баарын жасабаш керек. Мугалимдердин жана ата-энелердин милдети-баланын заман талабына ылайык ыңгайлашуусуна жардам берүү. Жашынан каржылык адаттарга калыптанган, акчанын баркын билген бала чоңойгондо ийгиликтүү инсан болуп чыгышы толук ыктымал деген суроо-жооп иретинде ата-энелер менен бирге ата-энелер чогулушунун негизинде көрсөтүп өтүштү.
“Окуу керемет” долбоорунун алкагында өтүлгөн “Окуйбуз,жаратабыз, изилдейбиз!” сынагынын райондук баскычы өткөрүлдү.
2023-жылдын 6-7-8-декабрь күндөру жалпы билим берүүчү мектептердин 1-6-класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлө турган изилдөө долбоору боюнча “Окуйбуз,жасайбыз, изилдейбиз!”аттуу Республикалык сынагынын райондук баскычы өттү. Жалпысынан сынактын райондук баскычына 32 долбоор катышты.
1-2-класстар арасында “Мен жана менин дүйнөм” багыты боюнча:
1-орунду “Бал аары жана бал” балдын жасалуу жолун изилдөө долбоору менен №5 Барктабас жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучулары ээледи, жетекчиси Жаңыбаева Гүлайым.
2- орунду №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 2-класстын окуучулары “Канттын пайдасы жана зыяндуулугу” темасындагы долбоору ээледи, жетекчиси Шаршеева Тамилла.
3-орунду №1 Т. Мойдунова атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин 2-классынын окуучулары“Мыло”темасындагы долбоору ээледи, жетекчиси Даниярбек кызы Анара.
3-4-класстар арасында “Көп улуттуу Кыргызстандын элдеринин маданияты”багыты боюнча:
1-орунду №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчу орто мектебинин окуучулары Өмүралиева Сайрагүлдүн жетекчилигиндеги“Национальный головной убор-ак калпак”темасындагы долбоор ээледи; 2- орунду №13 М.Жаңыбаева жалпы билим берүүчү орто мектебинин “Шень-нундун шакирттери” темасындагы чайды изилдөө долбооруна катышкан окуучулар алды, жетекчиси Анжанбек кызы Назила. 3- орунга №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучулары “Балыктар дүйнөсү”балыкты изилдешти, Жүрсүн кызы Бекзада жетекчилиги алдында ээ болушту. 5-6-класстар арасында “Жер шарынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайлы” багыты боюнча: 1-орунга №1 Т. Мойдунова атындагы Макмал жалпы билим берүүчу атындагы орто мектебинин ““Большой вред маленькой батерейки” 6-класстары жетекчиси Г.Токтосунова жана №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин “Парникте жашылча өстүрүү” темасындагы долбоор алды, жетекчиси Ч.Насрынбекова.2-орун №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин “Балыктар дүйнөсү”балыкты изилдөө долбоорунун 5-класстын окуучулары алышты, жетекчиси Жүрсүн кызы Бекзада.
3-орун №6 Бирдик атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин «Жеримдин суусу дары таштары алтын» темасында 5-класстын окуучулары алышты, жетекчиси Казакбаева Айчүрөк. Ал эми мыктылардын катарын төмөндөгү командалар толуктап, баш байге наамына ээ болгондуктан сынактын облустук баскычына жолдомо алышты: 1-2-класс: “Бал аары жана бал” балдын жасалуу жолун изилдөө долбоору менен №5 Барктабас жалпы билим берүүчү орто мектебинин 1-классынын окуучулары ээледи, жетекчиси Жаңыбаева Гүлайым.3-4-класс: №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчу орто мектебинин 4-классынын окуучулары, Өмүралиева Сайрагүлдүн жетекчилигиндеги“Национальный головной убор-ак калпак”темасындагы долбоор ээледи; 5-6-класс: №1 Т. Мойдунова атындагы Макмал жалпы билим берүүчу атындагы орто мектебинин 6-класстары “Большой вред маленькой батерейки” деген долбоору ээледи, жетекчиси Токтосунова Гүлнара. 5-6-класс: №2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 6-класстары “Парникте жашылча өстүрүү” темасындагы долбоору алды, жет Ч.Насрынбекова.
№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 2023-жылдын 21-декабрында окуу керемет долбоорунун 2 визити өткөрүлдү.
Аталган мектепте 2023-жылдын 21-декабрында окуу керемет долбоору боюнча өтүлгөн сабактарга райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Ж.Жээналиева катышты. К.Орозбекова 1в-класстарга “Многоугольники” деген темада сабак өттү, сабакка окуучулар активдүү катышты.Окуучуларды 3 группага бөлдү, геоборд менен фигураларды,жаңы жылдык балатыны жасашты, ар бир окуучу геоборд менен камсыз болгон.

“Окуу керемет”Ата-энелер чогулушу боюнча тренинг өтүлдү. Үй -бүлөлүк окууну кантип уюштуруу керек? Максаты : Ата – энелер менен үй – бүлөлүк китеп окууну уюштурууну үйрөтүү.«Окуганга чейин — окуу учурунда – окугандан кийин » сртатегиясы аркылуу « Сен ар дайым жанымдасың, атаке ! » аңгемесин окуу.Мектептеги рэкет программасын жана аны менен күрөшүүнүн жолдорун талкуулашат. Үй бүлөлүк окуу деген эмне ? –Үй бүлө менен китеп окууну канчалык көп уюштурасыз ? — Ким катышат ? -Балдарыңыз кандай китептерди окуганды жакшы көрөт ?- Балдарды тарбиялоодо үй бүлө менен чогу китеп окуу маанилүүбү ? « Сен ар дайым жанымдасың, атаке ! » аңгемсин окуйбуз.Китептин автору Нурия Умерова . Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында https://www.kitep.edu.gov.kg/ ачык электрондук китепканада BLOOM Librarihttps://bloomlibrary.org/kyrgyzstan-OkuuKeremet жайгашкан.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!