ВТ, 7 мая 23:39
11.7°C Джалал-Абад
USD: 88.67 EUR: 95.48 KZT: 0.2 RUB: 0.95

«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2024″Республикалык кароо сынагы райондук баскычта жыйынтыкталды.

  • 15:34, 22 апр 2024
  • 251

Тогуз-Торо райондук   ЖББОМнин «Жылдын мыкты предметтик мугалими» республикалык конкурсунун райондук баскычы  2024-жылдын 15-16-апрель күндөрү өткөрүлүп жыйынтыгы чыгарыды. Жыйынтыгында №1 Т.Мойдунов атындагы ЖББОМнин башталгыч классынын мугалими Бекташова Жанара, №2 А.Абдраимов ЖББОМнин кыргыз тили жана адабияты мугалими М.Төрөгулова,  №8 М.Абдыжапаров атындагы ЖББОМнин тарых мугалими Темирбек уулу Кайрат, №10Азамат уулу Калдыбай ЖББОМнин математика мугалими А.Куланбаева, №9 Э.Касымалиев атындагы ЖББОМнин орус тили мугалими М.Бектемирова, №1 Т.Мойдунов атындагы ЖББОМнин биология  мугалими К.Аманова, №11 Саймалуу-Таш ЖББОМнин  дене тарбия мугалими М.Турапбаевдер жогорку балды алышып областык турга катышууга жолдомо алышты. Билим берүү кызматкерлеринин «Жылдын мыкты мугалими -2024» кароо сынагына катышкан, райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептердин  чыгармачылык менен изденип  эмгектенген , билим берүүнү өнүктүрүүгө салмактуу салым кошкон, алдыңкы педагогикалык иш тажрыйбаларга бай мугалимдерди  аныктап, сыйлоо максатында Тогуз-Торо райондук педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы С.Р Садыков акчалай сыйлыктары  жана ардак грамоталары менен сыйлады.

«Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурсунун райондук баскычын жыйынтыктоого РайМАнын  жетектөөчү адиси Т.Карагулова, РБББнүн башчысы Б.С.Иманбердиев, РББУнун жетектөөчү адиси З.Ажыбаев, Каргалык, Тогуз-Торо, Арал айылдык айыл өкмөтүнүн башчылары келип куттуктоолорун айтышып, ыраазычылык барактарын жана кызыктыруучу сыйлыктарын беришти.

Поделиться
Комментарии
Комментарии отсутствуют. Будьте первым!